# 264-берене. Тергөө судьясы тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 264-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-264

---

1. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди жабык соттук отурумда жеке өзү карайт.

2. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун мөөнөттөрү ушул Кодекс менен аныкталат.

3. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары менен таанышууга, зарыл болгондо кошумча материалдарды талап кылууга укуктуу.

4. Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча ушул Кодекстин 304-беренесине ылайык токтом чыгарат.

5. Тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө судьясынын токтому апелляциялык жана кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтотпойт.

6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын тергөө судьясынын атына жазган өтүнүчү жана тергөө судьясынын токтомдору электрондук кол коюлган документ формасында даярдалышы мүмкүн. Өтүнүчкө электрондук кол коюлган документ, электрондук документ же электрондук сүрөт формасында документтер тиркелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-263)  
Кийинки берене: [265-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-265)
