# 263-берене. Кылмыш ишин бекитилген айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 263-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-263

---

1. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсү, эгерде ал бул тууралуу өтүнүч берсе, жабырлануучуга да тапшырылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө айыпталуучунун жана жабырлануучунун тил каты ишке тиркелет.

2. Прокурор ишти сотко бекитилген айыптоо актысы менен кошо камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун 5 күндүк мөөнөтү бүткөнгө чейин жөнөтөт, бир эле мезгилде бул жөнүндө айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө кабарландырат.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-264)
