# 261-берене. Айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурор тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 261-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-261

---

Прокурор келип түшкөн учурдан тартып 5 суткадан ашпаган мөөнөттө келип түшкөн кылмыш иши боюнча төмөндөгүлөрдү иликтөөгө жана текшерүүгө милдеттүү:

1) айыпталып жаткан адамда аракет орун алганбы жана ал аракетте кылмыштын курамы барбы;

2) кыскартууга алып келген жагдайлардын иште болгондугун;

3) коюлган айыптын негиздүүлүгүн, анын иште далилдер менен тастыкталгандыгын;

4) иш боюнча бардык аныкталган жана далилденген кылмыштуу аракеттер боюнча айып угузулганбы;

5) иш боюнча аларга карата кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө далилдер табылган бардык жактар айыпталуучу катары тартылганбы;

6) аракетти квалификациялоонун тууралыгын;

7) материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу жана мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлгөнбү;

8) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ушул Кодексти олуттуу бузууларга жол берилген жокпу;

9) конфискацияланууга жаткан мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы же ушул мүлктүн кирешеси болуп саналгандыгы же болбосо кылмыштын куралы катары колдонулгандыгы, же колдонулары аныкталган жагдайлар.

---

Мурунку берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-260)  
Кийинки берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-262)
