# 26-берене. Жарандардын кылмыш куугунтугун жана айыптоону жүзөгө ашырууга же катышууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 26-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-26

---

1. Жабырлануучу, ал эми ал каза болсо же курагы же ден соолугу боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өзүнүн эркин билдире албаган учурда анын кандай болбосун жашы жеткен жакын туугандарынын биринин, жубайынын ушул Кодексте каралган тартипте шектүүгө, айыпталуучуга карата кылмыш куугунтугуна катышууга укугу бар.

2. Соттук териштирүүнүн убагында прокурордун айыптоодон баш тартуусу жабырлануучуну айыптоону колдоо укугунан ажыратпайт.

3. Эгерде жабырлануучу же анын укугун улантуучусу өндүрүштүн кандай болбосун учурунда шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгү (катышы жоктугу) жөнүндө ынанымга келсе, анда ал кылмыш куугунтугунан же айыптоону колдоодон баш тартууга жана тергөөчүгө, прокурорго, сотко баш тартуунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-27)
