# 258-берене. Кылмыш ишин кыскартуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2026 [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090); 22.07.2026 [Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049181)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 258-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-258

---

1. Кылмыш иши тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалымат келтирилет, иштин жагдайлары жана аны кыскартуунун негиздери баяндалат.

2. Токтомдо ушул Кодекстин 86-беренесинин эрежелерине ылайык буюм далилдери жөнүндө, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө, ошондой эле тергөө судьясына тиешелүү өтүнүч жөнөтүү тууралуу көрсөтүү менен кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим көрсөтүлөт.

3. Ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, алардын арызы боюнча тергөө башталган адамга жана (же) уюмга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Алардын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган жабырлануучунун, адамдын жана (же) уюмдун же алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча тергөөчү, прокурор кыскартылган иштин материалдары менен аларды тааныштырат.

5. Кылмыш иши кыскартылгандан кийин тергөөчү 5 сутканын ичинде кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун иликтөө үчүн ишти прокурорго жөнөтөт.

6. Кылмыш ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде прокурор аны кыскартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-257)  
Кийинки берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-259)
