# 254-берене. Кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 254-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-254

---

1. Айыпталуучунун жана анын адвокатынын, ошондой эле жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн кылмыш ишинин материалдары менен таанышуусу аяктагандан кийин протокол түзүлөт. Протоколдо кылмыш ишинин материалдары менен таанышуунун башталган жана аяктаган датасы, таанышуу үчүн кандай материалдардын берилгендиги, берилген өтүнүчтөр жана башка арыздар көрсөтүлөт.

2. Эгерде айыпталуучу иштин материалдары менен таанышуудан баш тартса, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт жана айыпталуучунун баш тартуу жүйөсү баяндалат. Айыпталуучунун баш тартуусу иштин материалдары менен таанышууга адвокаттын укугун чектебейт.

---

Мурунку берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-253)  
Кийинки берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-255)
