# 251-берене. Тергөөнү аяктоо жөнүндө жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 251-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-251

---

1. Кылмыш иши боюнча бардык тергөө аракеттери жүргүзүлдү, ал эми чогултулган далилдер сотко чейинки өндүрүштү аяктоо үчүн жетиштүү деп тааныган тергөөчү бул жөнүндө айыпталуучуга кабарлайт жана ушул Кодекстин 253-беренесинде каралган ага жеке өзү, ошондой эле адвокатынын, мыйзамдуу өкүлүнүн жардамы менен кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышуу укугун түшүндүрөт. Айыпталуучуга тергөөнүн аяктагандыгы жана ага укуктарды түшүндүргөндүгүн кабарлоо тууралуу ушул Кодекстин 254-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

2. Эгерде айыпталуучунун адвокаты же жабырлануучунун өкүлү жүйөлүү себептер боюнча дайындалган убакытта иштин материалдары менен таанышуу үчүн келе албай калса, тергөөчү тааныштырууну 5 суткадан ашпаган мөөнөткө жылдырат. Адвокат же өкүл ал мөөнөттүн ичинде келбей калган учурда, тергөөчү айыпталуучуга башка адвокатты, ал эми жабырлануучуга бөлөк өкүлдү чакырууну сунуштайт.

3. Айыпталуучу, анын адвокаты, жабырлануучу иштин материалдары менен таанышкандан кийин тергөөчү айыптоо актысын түзөт, анда тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандыгын, ишти сотко жөнөтүү үчүн жетиштүү далилдердин чогултулгандыгын көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-252)
