# 25-берене. Кылмыш куугунтугун жүзөгө ашыруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 25-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-25

---

1. Жеке-ачык жана ачык айыптоо иштери боюнча мамлекеттин атынан кылмыш куугунтугун тергөөчү, прокурор жүзөгө ашырат.

2. Кылмыштын белгилери аныкталган ар бир учурда тергөөчү, прокурор ушул Кодексте каралган кылмыштын окуясын, кылмыш жасоого айыпталуучу жакты аныктоо боюнча чараларды көрөт.

3. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 24-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда жабырлануучунун эркине карабастан иштер боюнча кылмыш куугунтугун жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.

4. Тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы текшерүү органынын ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде коюлган талаптары, тапшырмалары жана суроо-талаптары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык мекемелеринин, ишканаларынын, уюмдарынын, кызмат адамдарынын жана жарандарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-26)
