# 247-берене. Тергөөчүнүн тергөөнү токтоткондон кийинки аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 247-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-247

---

1. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда тергөө токтотулгандан кийин тергөөчү түздөн-түз, ошондой эле алгачкы текшерүү органдары аркылуу кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамды аныктоого карата чара көрүүгө милдеттүү жана зарыл учурда тергөө аракеттерин жүргүзө алат.

2. Тергөөнү токтото туруу менен тергөөчү бул тууралуу жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоого, ошондой эле тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтом боюнча прокурорго 5 сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин, бир эле убакта ага (аларга) түшүндүрүүгө милдеттүү. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган учурда, айыпталуучуга жана анын адвокатына ушундай эле тартипте кабарланат.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Тергөө ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулганда, тергөөчү кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун изилдөө үчүн кылмыш ишин прокурорго 5 күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.

4. Кылмыш ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде прокурор аны токтотуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-248)
