# 246-берене. Тергөөнү токтотуунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 246-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-246

---

1. Тергөө аны улантууга жана бүтүрүүгө тоскоол болгон төмөндөгү негиздердин бири болгондо токтотулат:

1) айыпталуучунун турган жери белгилүү болбосо;

2) тергөө жана башка процессуалдык аракеттерге тоскоол болгон шектүүнүн, айыпталуучунун убактылуу психикалык же башка оор дартка чалдыккандыгы мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөндө;

3) айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондо;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун турган жери белгилүү болуп, бирок шектүүнү, айыпталуучуну иммунитеттен ажыратуу жөнүндө жана (же) анын чет мамлекет тарабынан берилиши жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу анын ишке катышуусуна чыныгы мүмкүнчүлүк болбогондо же кылмыш куугунтугун улантуу үчүн иштин материалдарын чет мамлекетке жөнөткөндө;

2. Тергөөнү токтотуу жөнүндө тергөөчү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизет, анда токтом автоматтык түрдө генерацияланат, анын көчүрмөсүн прокурорго жөнөтөт.

3. Эгерде иш боюнча 2 же бир нече айыпталуучу тартылса, ал эми токтото туруу шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын бардыгына таандык болбосо, тергөөчү айрым шектүүлөргө, айыпталуучуларга карата ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө же токтото турууга, эгерде иш боюнча тергөөнү улантуу бардык шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын катышуусуз улантылышы мүмкүн болбосо, бүткүл иш боюнча өндүрүштү токтотууга укуктуу.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда тергөө анын өндүрүшүнө кеткен мөөнөт аяктагандыгы боюнча гана токтотулат; ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда ал тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга чейин да токтотулушу мүмкүн.

5. Тергөөнү токтотууга чейин тергөөчү айыпталуучу жок болгондо, ишти жүргүзүүгө мүмкүн болгон бардык тергөө аракеттерин аткарууга, кылмышты жасаган адамды табууга, ошого тете аны аныктоого карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-247)
