# 244-берене. Айыпталуучуну суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 244-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-244

---

1. Тергөөчү айыпталуучуну ага айып коюлгандан кийин токтоосуз түрдө суракка алууга милдеттүү.

2. Айыпталуучуну суракка алууга анын адвокаты катышат.

3. Денесиндеги же психикасындагы кемчиликтерден улам коргонуу укугун өзү жүзөгө ашыра албаган же иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн тилди билбеген айыпталуучу катары балага айып коюуда жана суракка алууда, ошондой эле адамды он жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоодо адвокаттын катышуусунан баш тартууга жол берилбейт.

4. Айыпталуучуну суракка алуу ушул Кодекстин 196-200-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.

5. Бир эле иш боюнча чакырылган айыпталуучулар өз-өзүнчө суракка алынат, мында тергөөчү алар бири-бири менен сүйлөшө албагыдай чараларды көрөт.

6. Сурактын башында тергөөчү айыпталуучунун өзүнүн күнөөсүн толугу менен же жарым-жартылай мойнуна ала тургандыгын же ага коюлган айып боюнча күнөөсүн четке кага тургандыгын аныктайт, бул тууралуу сурактын протоколуна тиешелүү жазуу жазылат.

7. Тергелип жаткан иштин жагдайлары боюнча мурда берилген көрсөтүүлөрдү тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыккан учурда, айыпталуучуну экинчи жолу (кошумча) суракка алуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-243)  
Кийинки берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-245)
