# 243-берене. Айып коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 243-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-243

---

1. Адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтом чыгарылган учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен айып коюу адвокаттын катышуусу менен жүргүзүлөт. Айыпталуучу же анын адвокаты келбей калган учурда, айып 48 саат өткөндөн кийин да коюлушу мүмкүн.

2. Алынып келинген айыпталуучуга айып коюу ал алынып келген күнү жүргүзүлөт.

3. Тергөөчү айыпталуучунун ким экендигине ынангандан кийин айыпталуучуга жана анын адвокатына айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомду жарыялайт.

4. Тергөөчү айыпталуучуга коюлган айыптын маңызын түшүндүрүүгө милдеттүү.

5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу айып коюлган датаны жана саатты көрсөтүү менен тергөөчүнүн айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомуна айыпталуучунун, адвокаттын жана тергөөчүнүн колдорун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.

6. Айыпталуучу кол коюудан баш тартканда, тергөөчү жана адвокат айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдо ага токтомдун текстин жарыялагандыгы тууралуу ырасташат.

7. Айыпталуучуга аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тапшырылат.

8. Тергөөчү айыпталуучу катарында тартуу токтомун бир эле мезгилде тапшыруу менен ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган анын укуктарын, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктарын түшүндүрөт.

9. Токтомдун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-242)  
Кийинки берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-244)
