# 242-берене. Айыпталуучунун келишинин милдеттүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 242-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-242

---

1. Эркиндикте жүргөн айыпталуучу суракка чакыруу кагазын жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен чакырылат.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу чакыруу кагазын жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, чакыруу кагазы тиешелүү чакыруу кагазы жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо колун койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен жүзөгө ашырылат. Чакырылуучу жок болгон учурда, ага өткөрүп берүү үчүн чакыруу кагазы анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине колун койдуруп алуу менен тапшырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду чакыруу кагаздарын документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Чакыруу кагазында айыпталуучу катарында ким, кайда, кайсы күнү жана кайсы саатка чакырылгандыгы, ошондой эле келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.

3. (КР 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эркиндикте жүргөн айыпталуучу тергөөчүнүн чакыруусу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө милдеттүү.

5. Төмөндөгүлөр тергөөчүнүн чакыруусу боюнча айыпталуучунун келбей калышынын жүйөлүү себептери деп таанылат:

1) айыпталуучуну келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;

2) жакын туугандарынын өлүмү;

3) табигый кырсыктар;

4) чакыруу кагазын албай калуу;

5) айыпталуучуга белгиленген мөөнөттө келүүгө мүмкүнчүлүк бербеген башка жагдайлар.

6. Белгиленген мөөнөттө келбей калуунун себептери жөнүндө айыпталуучу тергөөчүгө билдирүүгө милдеттүү.

7. Жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда айыпталуучу мажбурлап алынып келиши мүмкүн.

8. Камакта отурган айыпталуучу камалган жердин администрациясы аркылуу чакырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-243)
