# 241-берене. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 241-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-241

---

1. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) ал түзүлгөн убакыт жана жер, токтом ким тарабынан түзүлгөндүгү, айыпталуучу катарында тартылып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, айы, жылы жана жери;

2) ал жасалган убакыт, жер, күнөөнүн формасы, кылмыштын жүйөлөрү, максаттары жана кесепеттери, ошондой эле ушул Кодекстин 81-беренесине ылайык далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайлар көрсөтүлгөн айыпталуучуга тагылып жаткан кылмыштын баяндамасы;

3) ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган кылмыш-жаза мыйзамы (беренеси, бөлүгү, пункту).

2. Кылмыш-жаза мыйзамынын ар кандай беренелерин колдонууга туура келген бир нече кылмыштар боюнча айыптоодо, адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомдо жазык мыйзамынын ар бир беренеси боюнча айыпталуучуга кандай айкын аракеттер тагылып жаткандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Токтомдо адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө чечим камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-240)  
Кийинки берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-242)
