# 240-берене. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 240-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-240

---

1. Аталган адам тарабынан кылмыш жасалгандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдер болгондо тергөөчү ал адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.

2. Айыпталуучу катарында жоопко тартуунун датасы жана убактысы, жасалган кылмыштын укуктук квалификациясы Кылмыш-жаза кодексинин беренесин (берененин бөлүгүн) көрсөтүү менен тергөөчү тарабынан кечиктирилгис түрдө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.

3. Айыпталуучу катарында жоопко тартылганга чейин адамга карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү фактысы ушул берененин жоболоруна ылайык бул адам үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.

---

Мурунку берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-239)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-241)
