# 24-берене. Кылмыш куугунтугунун түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.01.2024 [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830); 22.12.2023 [Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212); 26.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112630)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1046..2086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 24-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-24

---

1. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордук даражасына жараша кылмыш куугунтугу жеке-ачык жана ачык тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Жеке-ачык айыптоо кылмыш иштерине коркунучу аз жана анча оор эмес кылмыштар, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери кирет.

Жеке-ачык айыптоо иштери боюнча тергөө жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашуусу менен Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине ылайык кыскартылат.

3. Эгерде ушул кылмыш көз каранды же алсыз абалдагы, же болбосо башка себептер менен өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган адамдарга карата жасалса, тергөөчү, прокурор ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун кылмыш боюнча жана жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы болбосо да сотко чейинки өндүрүштү баштайт.

4. Калган кылмыштар тууралуу иштер ачык айыптоо кылмыш иштери болуп саналат. Бул иштер боюнча кылмыш куугунтугу жабырлануучунун арыз бербегенине карабастан жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209, 2024-жылдын 22-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-25)
