# 238-берене. Контролдонуучуну жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 238-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-238

---

1. Контролдонуучуну жөнөтүү алардын эркин сатууга тыюу салынган же болбосо жүгүртүүсү мыйзам менен чектелген, ошондой эле кылмыштык кол тийгизүүлөрдүн объекттери же куралы болуп саналган предметтердин, буюмдардын жана продукциялардын жөнөтүлүшүн, сатып алынышын, сатылышын, орун которуусун контролдоо максатында жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу жөнөтүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан өз алдынча же башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.

3. Бир нече мамлекеттердин аймактарына контролдонуучу жөнөтүү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары менен бирдикте алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Бул иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы отчётту жана алынган бардык материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө тергөөчүгө берет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [237-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-237)  
Кийинки берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-239)
