# 237-берене. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 237-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-237

---

1. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроо даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында кылмыштуу чөйрөгө киргизилүүчү жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроочу адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.

2. Кылмыштуу чөйрөгө киргизилген жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп туураган адамга адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, менчигине коркунуч келтирүү менен коштолгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тыюу салынат, буга коргонуу зарылдыгынын, аргасыз зарылдыктын, күч колдонуп же психикалык мажбурлоонун, кылмыш жасаган адамды кармоонун, кызматы боюнча мыйзамдарды, буйруктарды (тескемелерди), милдеттерди аткаруунун, негиздүү тобокелдикке баруунун, Кылмыш-жаза кодексине ылайык атайын тапшырмаларды аткаруунун учурлары кирбейт.

3. Кылмыш чөйрөсүнө киргизүүнү жүргүзүүнүн жана анын аякталышынын жүрүшүндө жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроодо ыйгарым укуктуу орган тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү отчётту жана бардык материалдарды берет.

4. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-236)  
Кийинки берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-238)
