# 236-берене. Экспертиза жүргүзүү максаттарында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 236-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-236

---

1. Эгерде экспертиза жүргүзүү максатында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алууда конспиративдик сырды сактоо зарыл болсо, анда тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды алуу үчүн конспиративдик ыкмаларды пайдаланууга укуктуу.

Конспиративдик изилдөөлөр үчүн чогултулуучу үлгүлөрдүн тизмесине адамдын жашоо турмушуна байланыштуу ар кандай зарыл объекттер (колунун, бутунун издери, чачы, үнү, каны, кол жазмасы) микро бөлүкчөлөрү, транспорттук каражаттардын издери жана башкалар киргизилиши мүмкүн.

2. Конспиративдик жол менен алынган салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчёту менен жол-жоболоштурулат. Ага атайын тергөө аракетин жүргүзгөн адамдар тарабынан мөөр басылган жана колдору менен ырасталган таңгакталган түрдөгү үлгүлөр тиркелет.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган маалыматты изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-235)  
Кийинки берене: [237-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-237)
