# 235-берене. Адамдын турак эмес жайына же башка ээлигине кирүү жана изилдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 235-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-235

---

1. Адамдын турак эмес жайында же башка ээлигинде иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон кылмыш куралы, предметтер, документтер жана баалуулуктар болушу мүмкүн деген шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө конспиративдик кароо жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу.

2. Аларды изилдөө, ошондой эле тергөө аракеттерин даярдоо жана өткөрүү үчүн кызматтык, өндүрүштүк жайга, имаратка, курулмага, сактоочу жайга, транспорттук каражатка же жергиликтүү участокко кирүү жолу менен адамдын турак эмес жайын же башка ээлигин изилдөө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Изилдөө учурунда орун которуп жүрүүгө, сүрөткө тартууга, көчүрмөлөөгө, табылган объектилерди белгилөөгө, химиялык белги алууларды орнотууга жана башка издердин түшүп калышы үчүн шарттарды түзүүгө жол берилет. Предметтерди конспиративдик изилдөө мезгилинде табылгандарды алып коюуга же алмаштырууга жол берилбейт.

4. Адамдын турак эмес жайын же башка ээлигин конспиративдик изилдөөнүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётуна киргизилет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-234)  
Кийинки берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-236)
