# 234-берене. Адамга же жерге байкоо жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030394)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=35686..36026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 234-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-234

---

1. Адамдын кылмыш иши боюнча катышы бар же болбосо маанилүү маалыматтарга ээ болушу мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде бул адамга же жерге конспиративдик визуалдык же кандайдыр бир каражаттар аркылуу (техникалык каражаттардын жардамы менен) байкоону жүзөгө ашырууну алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырат.

2. Байкоо аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы тергөөчүгө коштомо кат менен бирге мөөр басылган түрдө алынган сүрөттөрдү, видео жазып алууларды берет, анда жазып алуулардын негизи, башталышы жана аякталышынын убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен материалдарга тиркелип алынган маалыматты алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкеринин отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

4. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте адамга же жерге байкоо жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-233)  
Кийинки берене: [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-235)
