# 233-берене. Адамды же жерди аудиовидео контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030394)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=35686..36026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 233-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-233

---

1. Адамды же жерди аудиовидео контролдоо адамдын сүйлөгөн маалыматтарын, жүрүш-турушун же сүйлөшүүлөрүн жана башка дабыштарды, так аныкталган жерде өткөн окуяларды аудио же видео техниканын же болбосо башка техникалык атайын каражаттардын жардамы менен жашыруун белгилөөнү билдирет. Адамды же жерди жашыруун аудиовидео контролдоо тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө адамга же жерге конспиративдик аудиовидео контролун жүргүзүүнү тапшырат. Адамдын жана жердин конспиративдик аудиовидео контролу аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы жазып алуунун негизи, башталган жана аякталган убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш болгон коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү иш үчүн мааниси бар аудиовидео жазып алууларды тергөөчүгө берет.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алынган отчётту жана аудиовидео жазып алууларды изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

4. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте адамды же жерди аудиовидео контролдоону жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-234)
