# 232-берене. Компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2026 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=54834..55742>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 232-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-232

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Компьютерлерден, серверлерден жана маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана сактоо үчүн арналган башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан алынган маалымат кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды камтышы мүмкүн деген божомолго жетиштүү негиздер бар болсо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде зарыл болгон маалыматты жашыруун алуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырма берүүгө укуктуу.

2. Телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн маалыматтарды конспиративдик алуунун натыйжалары тиешелүү материалдык алып жүрүүчүдө белгиленет, ал таңгакталат, мөөр басып чапталат жана атайын тергөө аракетин жүргүзгөндүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

3. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алган отчетту жана материалдарды, зарыл болсо, адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-231)  
Кийинки берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-233)
