# 231-берене. Пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2026 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048344)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.07.2026 [Закон КР от 2 июля 2026 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048344); 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030394)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=54834..55742>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 231-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-231

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Шектүү, айыпталуучу жана башка адамдар болуп эсептелген пайдалануучулардын (пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн) ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматта кылмыш иши үчүн мааниси бар маалымат камтылышы мүмкүн деген шектенүүлөрдүн жетиштүү негиздери болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде көрсөтүлгөн маалыматты талап кылууга укуктуу.

2. Пайдалануучулар ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу тергөө судьясынын токтому аткаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт. Тиешелүү орган маалыматтын ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрүндө жазылган талап кылынган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Пайдалануучулар ортосундагы байланышуу жөнүндө маалымат пайдалануучулардын ортосундагы байланыштын датасы, убактысы, узактыгы жөнүндө маалыматтарды, пайдалануучулардын номерлерин; пайдалануучуларды идентификациялоого өбөлгө түзгөн башка маалыматтарды, анын ичинде электрондук жана башка билдирүүлөрдү; ошондой эле кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү базалык станциялардын номерлерин жана орун алган жери жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалымат коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет.

3. Тергөөчү алынган маалыматты зарыл болгондо адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

4. Алынган маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү алгачкы текшерүү органынын тийиштүү бөлүмүндөрүнө пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жерин аныктоону тапшырат.

5. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193, 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-230)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-232)
