# 23-берене. Далилдерди калыс жана эркин баалоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 23-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-23

---

1. Судья, сот арачысы, прокурор жана тергөөчү өздөрүнүн милдеттерин аткарууда иштин жыйынтыгына алдын ала ынанымдын же жеке кызыкчылыктардын таасиринде болбоого, каралып жаткан конкреттүү кылмыш ишине карата бир тараптуу болбоого же бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүүчү негизсиз аракеттерди көрбөөгө тийиш.

2. Судья, сот арачысы, ошондой эле прокурор, тергөөчү болгон далилдердин жыйындысына негизделген өзүнүн ички ишенимине таянып, мыйзамды жетекчиликке алуу менен далилдерди баалайт.

3. Сотко чейинки өндүрүштө тергөөчү, прокурор тарабынан далилдерди баалоо судья үчүн милдеттүү мааниге ээ болбойт.

4. Эч кандай далил алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес жана судья тарабынан жыйындысында бааланат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-24)
