# 228-берене. Далилдөөдө атайын тергөө аракеттеринин натыйжаларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 228-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-228

---

1. Атайын тергөө аракеттеринин протоколдору, видео жана аудио жазуулары, фотосүрөткө тартуулар, техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленген башка натыйжалар, алынган предметтер жана документтер же алардын көчүрмөлөрү далилдөөдө башка тергөө аракеттеринин натыйжалары сыяктуу эле негизде колдонулат.

2. Атайын тергөөлөрдү жүргүзгөн же аларды жүргүзүүгө тартылган адамдар күбөлөр катарында суралышы мүмкүн. Бул адамдарды суракка алуу ушул Кодекстин 9-главасына ылайык бул адамдар тууралуу маалыматтардын сырын сактоо жана коопсуздуктун зарыл болгон чараларын колдонуу менен жүргүзүлөт.

3. Зарыл болгон учурда атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн адамдар суралышы мүмкүн. Бул адамдарга мындай тергөө аракеттеринин жүргүзүлгөндүгү жөнүндө өзүнө тиешелүүсү гана жана анын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар өлчөмдө гана билдирилет.

---

Мурунку берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-227)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-229)
