# 225-берене. Атайын тергөө аракеттеринин натыйжаларын башка максаттарда пайдалануу же маалыматтарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 225-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-225

---

1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган натыйжалар аларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын чечими чыгарылган, тергелип жаткан иш боюнча гана колдонулат. Эгерде башка кылмыштын жасалгандыгы же башка кылмыш иши боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды көрсөткөн фактылар жөнүндө маалыматтар алынган болсо, алар ишти караган же карап жаткан тергөөчүнүн жана ал ишти сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүнө контролдук жүргүзгөн тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен гана тиешелүү иште далилдер катары колдонулушу мүмкүн.

2. Башка кылмыш иши боюнча өтүп жаткан адамды актоочу атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктарга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-226)
