# 224-берене. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды коргоо боюнча чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 224-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-224

---

1. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү фактысы жөнүндө маалыматтар жана аны жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалымат сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин жашыруун болуп эсептелет, аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдары жана анын өндүрүшүнө тартылган адамдар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн усулдары жана тактикасы жөнүндө аларды жүргүзгөн адамдар, анын ичинде ишин купуялуу негизде жана жашыруун формада жүргүзгөн жактар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет жана ачыкка чыгарылбайт.

3. Атайын тергөө аракетинин натыйжасында алынган маалыматтын, эгерде алар жеке жашоонун сырларына тиешелүү болсо же мыйзамда корголуучу башка сырга тийиштүү болсо, жайылып кетүүсүн болтурбоо үчүн сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы мыйзамда каралган бардык каражаттарды колдонууга тийиш.

4. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында алынган, кылмыш ишинде далилдик мааниге ээ болбогон маалыматтар, буюмдар жана документтер иш боюнча соттук акыркы чечим кабыл алгандан кийин тиешелүү актыны түзүү менен жок кылынууга тийиш.

5. Кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү учурларын кошпогондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө протоколдордун жана аларга тиркемелердин көчүрмөлөрүн даярдоого жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-223)  
Кийинки берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-225)
