# 223-берене. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 223-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-223

---

1. Адамдардын өмүрүн сактап калууга байланыштуу кечиктирүүгө болбой турган учурларда, атайын тергөө аракеттери ушул Кодекстин 221, 270-беренелеринде белгиленген тартипте көрсөтүлгөн аракеттин мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын аныктоо үчүн тергөө судьясына кылмыш ишинин тийиштүү материалдарын 24 сааттын ичинде андан ары берүү менен тергөө судьясынын чечимисиз башталышы мүмкүн.

2. Эгерде судья мындай аракетти жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, атайын тергөө аракетин жүргүзүү боюнча бардык аракеттерди аткаруу кечиктирилбестен токтотулууга тийиш. Мындай аракеттин натыйжасында алынган маалымат тергөө судьясынын контролу алдында жок кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-222)  
Кийинки берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-224)
