# 222-берене. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030394)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=35686..36026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 222-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-222

---

1. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда аны өткөрүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Ушул Кодекстин 220-беренесинин 1-3, 5, 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракети кылмыш иштин тергөө мөөнөтүндө, бирок 2 айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча атайын тергөө аракеттери издөөдө жүргөн адамдар кармалганга чейин жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө учурларда тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча мөөнөт ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бир жылдан ашык мөөнөткө узартууга жол берилбейт.

3. Атайын тергөө аракеттери сутканын кайсы гана мезгилинде болбосун жана аны жүргүзүүнүн бардык мөөнөтүндө үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Эгерде атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарылдыгы жоголсо, тергөөчү аны андан ары жүргүзүүнү кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-221)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-223)
