# 221-берене. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч козгоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 221-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-221

---

1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү чечими ушул Кодекстин 32-главасынын талаптарына ылайык тергөө судьясы тарабынан кабыл алынат.

2. Өтүнүч алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат.

3. Өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) өтүнүч түзүлгөн жер жана убактысы;

2) өтүнүчтү тергөө судьясынын кароосуна киргизген тергөөчүнүн кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;

3) берилген өтүнүчтү териштирүүгө байланыштуу кылмыштын фабуласын кыскача жазуу;

4) Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин (берененин бөлүгүн) көрсөтүү менен кылмышты жазык-укуктук жактан квалификациялоо;

5) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгын жана кылмыш жана аны жасаган адам жөнүндө башка ыкма менен маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун негиздөө;

6) атайын тергөө аракетин жүргүзүү пландалып жаткан адам, жери же буюм жөнүндөгү маалыматтар;

7) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрүн (түрлөрүн) көрсөтүү, максаты, ошондой эле аны (аларды) өткөрүү мөөнөтүн негиздөө;

8) атайын тергөө аракетин жүргүзүүнү тапшыруу пландалган орган жөнүндө маалымат.

Өтүнүчкө анын негиздүүлүгүн далилдеген материалдар тиркелет.

4. Атайын тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан объектини чечмелөөнү алып салуунун зарылдыгы келип чыккан учурларда өтүнүчтө жашыруундуулук талаптарын сактоо менен ал адамдын анык анкеталык маалыматтарынын ордуна псевдонимин көрсөтүүгө жол берилет.

5. Тергөө судьясы тарабынан өтүнүчтү кароонун тартиби ушул Кодекстин 269-беренесине ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-222)
