# 220-берене. Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2026 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=54834..55742>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 220-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-220

---

Кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө үчүн төмөнкүдөй атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт:

1) почталык-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу жана аларды кароо жана (же) алып коюу;

2) сүйлөшүүлөрдү тыңшоо;

3) пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу;

4) компьютерден, серверден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу;

5) адамдарды же жерлерди аудио, видео контролдоо;

6) адамды же жерди байкоо;

7) адамга таандык болгон же анын карамагында турган турак эмес жайларга же башка кыймылсыз мүлккө кирүү жана аны текшерүү;

8) экспертиза жүргүзүү максатында салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу;

9) кылмыштык чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыштуу ишти имитациялоо;

10) контролдонуучу жеткирүү;

11) контролдук сатып алуу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-221)
