# 219-берене. Атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негиздери жана шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030394)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=35686..36026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 219-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-219

---

1. Ушул главада каралган атайын тергөө аракеттери, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилдене турган жагдайларды тактоо үчүн фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл болгон учурларда, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогондо, кылмыш ишине катышкан кызыкчылыктарына таасири тийген адамдарга билдирбестен жүргүзүлөт.

2. Ушул Кодекстин 220-беренесинин 9-11-пункттарында көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттерин кошпогондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болгондо, тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында тийиштүү өтүнүчтү козгойт.

3. Атайын тергөө аракеттери козголгон кылмыш иштери боюнча жүргүзүлөт.

4. Айрым адамдардын арызы болгондо, ошондой эле эгерде жабырлануучуга, күбөгө же процесстин башка катышуучуларына же алардын жакын туугандарына, жубайына зордук-зомбулук же башка мажбурлоо же мыйзамсыз аракеттер жасалды деп болжогон негиздер болгон учурларда, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жөнүндө айрым жактардын арызы болгондо, ошондой эле шектүүлөрдү, айыпкерлерди, соттолгондорду жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жөнүндө чет мамлекеттердин суроо-талаптары келип түшкөндө ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Айыпталуучунун келишин жана (же) издөөнү уюштурууну камсыз кылуу үчүн прокурорго жөнөтүлгөн соттун токтому бар болгондо, ошондой эле тергөө токтотулган кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн айыпкер адамдарга карата алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы прокурордун макулдугу менен ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнүч козгойт.

5. Эгерде үчүнчү адам иш үчүн мааниси бар маалыматты алып жана өткөрүп берет деген негиздер (маалыматтар) бар болсо, анда атайын тергөө аракети үчүнчү адамдарга карата да бирок ушул берененин 2 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Атайын тергөө аракеттери кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн тергөөчү тарабынан, же анын тапшыруусу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдын чечими боюнча атайын билимге ээ адистер, ошондой эле купуялуу негизде көмөктөшүүнү каалаган башка адамдар тартылышы мүмкүн.

7. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө купуялуу кызматташууга, эгерде андай кызматташуу кесиптик мүнөздөгү жашыруун маалыматтарды ачыктоого байланыштуу болсо, адвокаттарды, нотариустарды, медициналык кызматкерлерди, дин кызматчыларын, журналисттерди тартууга тыюу салынат.

8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө маалыматтык тутумдар, видео жана аудио жазып алуу түзүлүштөрү, сүрөткө тартып алуу, ошондой эле башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

9. Кесиптик жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырган адвокаттарга карата атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

10. Ушул Кодексте каралбаган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн атайын тергөө аракеттерин ишке ашырууга, ошондой эле аны өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдаланууга жол берилбейт.

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-218)  
Кийинки берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-220)
