# 218-берене. Тергөө экспериментин жүргүзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 218-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-218

---

1. Тергөө экспериментин жүргүзүү башталардын алдында тергөөчү төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

1) аракеттердин орун алган жерин жана убактысын, кезектүүлүгүн белгилейт жана эксперимент жүргүзүлгөн жердеги абал менен алдын ала тааныштырылат;

2) жасалган кылмышта же алдын ала өткөрүлгөн реконструкциялоодон кийинки убакыттын ичиндеги шарттардын болушун же кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн жоктугун тактайт;

3) зарыл болгон учурда, кырдаалды анын кылмыш учурунда болгон түрүн же анын айрым предметтерин эске алуу менен жаңыча реконструкциялоону жүргүзөт; объекттерди жана предметтерди тандоону ишке ашырат;

4) эксперименттин шарттарынын текшериле турган окуянын шарттарына дал келүүсүн текшерет; зарыл болгон учурда эксперименттин жүрүшүнө олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон шарттар моделдештирилүүгө тийиш, алынуучу жыйынтыктардын объективдүүлүгү мына ушуга жараша болот.

2. Тергөөчү эксперименттин катышуучуларына укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

3. Жүргүзүлгөн тергөө эксперименти жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

Протоколдо тергөө экспериментин жүргүзүү максаты; абал реконструкциялоого туш болгондугу; эксперимент жүргүзүүнүн шарттары; экспериментте кандай предметтердин пайдаланылгандыгы; аракеттерди жүргүзүүнүн ырааттуулугу жана ар бир эксперименттин мазмуну жана жыйынтыктары да көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Зарыл болгон учурларда тергөө эксперименти жүргүзүлгөн жерди күзөтүү уюштурулат жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлөт.

---

Мурунку берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-217)  
Кийинки берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-219)
