# 217-берене. Тергөө эксперименти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 217-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-217

---

1. Тергөө эксперименти иш боюнча чогулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди алуу, иш үчүн мааниге ээ болгон тигил же бул көрүнүштөрдүн жана фактылардын мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө тергөө версияларын текшерүү жана баалоо максатында атайын аракеттерди жүргүзүүнү билдирет. Экспериментти жүргүзгөндө, тактап айтканда, кандайдыр бир фактыларды кабыл кылуу конкреттүү шарттарда белгилүү бир аракеттерди жасоо, кандайдыр бир окуянын болуу мүмкүндүгү текшерилиши, ошондой эле болуп өткөн окуянын ырааты жана издердин пайда болуусунун механизми белгилениши мүмкүн.

2. Тергөө эксперименти көп жолу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир жолу экспериментти өткөрүүнүн шарттарын чагылдыруу менен протокол түзүлүүгө тийиш.

3. Зарыл болгондо тергөөчүнүн өз кароосу боюнча тергөө экспериментине катышууга жабырлануучу, күбө, адис, эксперт, шектүү, айыпталуучу тартылышы мүмкүн.

4. Шектүү, айыпталуучу жана анын адвокаты алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө экспериментине катышууга укуктуу. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө экспериментине котормочу, адис, педагог же психолог катышууга укуктуу.

5. Эгерде экспериментке катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч болсо, алардын ар-намысы жана кадыр-баркы кемсинтилсе, материалдык зыян келтирилсе, тергөө экспериментин жүргүзүүгө жол берилбейт.

6. Тергөө эксперименти болуу мүмкүндүгү текшерилип жаткан, кайталанып жасалган окуялардын жана аракеттердин шарттарына кыйла жакын шарттарда жүргүзүлөт.

7. Тергөө эксперименти анын жүрүшүн жана натыйжаларын белгилөө үчүн техникалык каражаттарды милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт. Тергөө экспериментин жүргүзүүдө фотосүрөткө тартуу, үн жана видео жазуу жүргүзүлөт, башка илимий-техникалык каражаттар колдонулат, пландар, чиймелер түзүлөт.

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-218)
