# 215-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 215-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-215

---

1. Териштирилип жаткан окуяга байланыштуу жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрүн текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

1) өткөн окуялардын шарттары менен салыштыруу жолу аркылуу мурда суракка алынган жактардын көрсөтмөлөрүндөгү боштуктардын ордун толтуруу жана карама-каршылыктарды четтетүү;

2) мурда белгиленген фактыларды текшерүү;

3) жаңы далилдерди табуу;

4) кылмыш жасоо механизмдерин, анын ичинде өз аракеттерин же башка адамдардын аракеттерин демонстрациялоо жолу менен конкреттештирүү.

2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү мурда суракка алынган адам жагдайдын орун алган жерин жана изилдөөгө алынган окуянын далилдерин көрсөтүүсүндө жатат. Бул аракетке кандайдыр бир четтен туруп кийлигишүүгө жана багыт берүүчү суроолорго жол берилбейт.

3. Жеринде бир нече адамдардын көрсөтмөлөрүн бир эле убакытта текшерүүгө жол берилбейт.

4. Зарыл болгондо тергөөчү көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүгө катышууга котормочуну, адисти, экспертти тартат, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун адвокаты, жабырлануучунун өкүлү, ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн чакырылган адвокат катыша алат.

---

Мурунку берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-214)  
Кийинки берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-216)
