# 214-берене. Тинтүү же алып коюу протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 214-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-214

---

1. Жүргүзүлгөн тинтүү жана алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

2. Протоколдо кайсы жерде жана кандай жагдайларда предметтер же документтер табылгандыгы, алардын кандай абалда болгондугу, кандай сакталгандыгы, алар ыктыярдуу түрдө берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлөт. Бардык алынып коюлган предметтер протоколдо санын, өлчөмүн, салмагын, жеке белгилерин жана мүмкүнчүлүккө жараша наркын көрсөтүү менен саналып жазылууга жатат. Тинтүү процессиндеги алып коюуда, көп сандагы предметтерди алууда ошол предметтердин атайын тизмеси түзүлөт, бул протоколдо чагылдырылат жана ал протоколдун курамдык бөлүгү болуп саналат.

3. Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө предметтерди же болбосо алып коюуга жаткан документтерди жок кылуу же катып коюу аракеттери көрүлсө, бул кабыл алынган чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш.

4. Тинтүү же алып коюу протоколунун көчүрмөсү ал жүргүзүлгөн адамга же анын эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөсүнө кол койдуруу менен тапшырылат, ал эми алар жок болсо, турак жай-эксплуатациялоо уюмунун же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө, протоколдун көчүрмөсү анын өкүлүнө кол койдурулуп алып тапшырылат.

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-213)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-215)
