# 213-берене. Жеке тинтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 213-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-213

---

1. Негиздер болгондо жана ушул Кодекстин 212-беренесинде каралган тартипте иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди табуу жана алып коюу максатында шектүүнү, айыпталуучуну жеке тинтүү жүргүзүлөт.

2. Адамды кармоодо же аны камакка алууда, ошондой эле имарат жайында же тинтүү жүргүзүлүп жаткан башка жайда турган адам иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди же документтерди жашырып жатат деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, жеке тинтүү тергөө судьясынын тийиштүү токтомусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде адистер ушул тергөө аракеттерине катышса, жеке тинтүү бир жыныстагы адам тарабынан ошол жыныстагы адистердин катышуусунда жүргүзүлөт. Жеке тинтүүнү жүргүзүүдө тинтүүгө алынып жаткан адамдын коопсуздугу жана ден соолугу камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле анын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттер жасалбашы керек.

---

Мурунку берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-212)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-214)
