# 211-берене. Таануу үчүн көрсөтүү протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 211-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-211

---

1. Таануу үчүн көрсөтүү жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт, анда таануучу адамды, буюмду же өлүктү тааныгандыгы боюнча белгилер коюлат же адам таанылуучуну, буюмду же өлүктү кайсы белгилери боюнча тааныгандыгынын жыйындысы боюнча белгиленет.

2. Ушул Кодекстин 210-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда, таануу үчүн көрсөтүү протоколунда, ушул беренеде келтирилген маалыматтардан тышкары, таануу үчүн көрсөтүү таануу үчүн көрсөтүлгөн адам таанылуучу адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда жүргүзүлгөндүгү милдеттүү белгиленет, таануу үчүн андай көрсөтүүнү ишке ашыруунун бардык жагдайлары жана шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле таануу үчүн көрсөтүлгөн адамга таануунун өз жыйынтыктары кабарландырылат. Мындай учурда таануучу адамдын анкеталык маалыматтары протоколго киргизилбейт жана өзүнчө сакталат.

3. Тергөө аракетинин жүрүшүн так жазып алуу техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт, мында таануу үчүн көрсөтүлгөн адамдардын, буюмдардын же өлүктүн сүрөттөрү жана видео жазуу материалдары протоколго тиркелет.

Ушул Кодекстин 210-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда таанылуучу адам белгилениши мүмкүн болгон бардык сүрөттөр, видеожазуулардын материалдары бул кылмыш ишинин материалдарынан өзүнчө сакталат.

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-210)  
Кийинки берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-212)
