# 206-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 206-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-206

---

1. Далилдерди депонирлөө зарыл болгондо тергөөчү көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнүч берет. Тергөөчү жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн зарылдыгын тастыктаган материалдарды кайрылууга тиркейт.

2. Тергөө судьясы өтүнүчтү алган учурдан тартып 3 сутканын ичинде карайт жана анын жыйынтыктары боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат. Өтүнүч канааттандырылган учурда судья 3 суткадан кечиктирбестен сурак жүргүзөт, бул жөнүндө прокурорго, адвокатка жана жактоочу тараптан процесстин катышуучусуна кабарланат.

3. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Тергөө судьясынын өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуусу көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнүчтөрдү сотко жөнөтүү үчүн негиздердин бар экендигин көрсөткөн жагдайлар келип чыккан учурда тергөөчүгө кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-207)
