# 205-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн негизи

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 205-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-205

---

1. Адвокаттын жана жактоочу тараптын процесске катышуучуларынын өтүнүчү боюнча тергөөчү судья сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучуну, күбөнү аларга кылмыш иши боюнча белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө суракка алат. Адвокат жана жактоочу тараптын процесске катышуучулары депонирлөө жөнүндө өтүнүч менен сотко түздөн-түз кайрылат.

2. Эгерде ишти маңызы боюнча кароодо сотко чейинки өндүрүштө же болбосо соттук отурумда жабырлануучуну, күбөнү бир топ кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучка, катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон өзгөчө учурларда, мындай жабырлануучу, күбө тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-206)
