# 204-берене. Беттештирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 204-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-204

---

1. Тергөөчү көрсөтмөлөрүндө олуттуу карама-каршылыктары бар мурда суралган эки адамга беттештирүү жүргүзүүгө укуктуу.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда беттештирүүгө эксперт, адвокат, педагог, психолог, врач, котормочу жана суралып жаткан адамдын мыйзамдуу өкүлү катыша алышат.

3. Беттештирүү жүргүзүүдө, эгерде суралып жаткандардын бирөөсү эле бала болсо, анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү катышат, ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакыртылат. Күбө же жабырлануучу болуп саналган 14 жашка чейинки курактагы баланын катышуусу менен беттештирүү жүргүзүүгө психолог же педагог да чакырылат.

4. Беттештирүүнүн алдында тергөөчү анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле ушул тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин аларга түшүндүрөт. Эгерде беттештирүү күбөнүн жана жабырлануучунун катышуусунда жүргүзүлсө, аларга көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четке каккандыгы үчүн жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, бул тууралуу протоколго белги коюлат.

5. Тергөөчү беттештирилип жаткан адамдардын ортосунда бири-бирин биле тургандыгын жана өз ара кандай мамиледе экендигин ачыктайт. Беттештирүүгө чакырылган катышуучуларга аларды ачыктоо үчүн беттештирүү жүргүзүлүп жаткан ошол жагдайлар боюнча кезеги менен көрсөтмө берүүсү сунушталат. Аларды суракка алуунун ырааттуулугу тергөөчү тарабынан аныкталат. Көрсөтмөлөр берилгенден кийин суралып жаткандардын ар бирине тергөө органынын кызмат адамы суроо бере алат. Беттештирүү жүргүзүлгөн адамдардын ортосунда тергөөчүнүн уруксаты менен бири-бирине суроо берилиши мүмкүн, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.

6. Беттештирүү жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиркелген буюм далилдерин жана документтерди көрсөтүүгө укуктуу.

7. Беттештирүүгө катышкандардын мурдагы сурактардын протоколдорунда камтылган көрсөтмөлөрүн окуп берүүгө, ошондой эле бул көрсөтмөлөрдүн үн жазууларын уктурууга жана видео жазмаларын көрсөтүүгө, алар беттештирүүдө көрсөтмө бергенден кийин жана алар протоколго жазылгандан кийин гана жол берилет.

8. Шектүү же айыпталуучу тараптан башка катышуучуну опузалоо, коркутуу же болбосо башка мыйзамсыз аракеттер менен беттештирүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракет жасалган учурда, тергөөчү муну протоколдо көрсөтүү менен ушул тергөө аракетин жүргүзүүнү токтотууга милдеттүү.

9. Беттештирүүнүн протоколунда суралып жаткан адамдардын көрсөтмөлөрү алар кандай кезекте берилсе, ошондой жазылат. Беттештирүүнүн ар бир катышуучусу өзүнүн көрсөтмөсүнө, ошондой эле протоколдун ар бир барагына өзүнчө кол коёт.

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-205)
