# 203-берене. Баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 203-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-203

---

1. Баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алууда анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү чакырылат, ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. 14 жаш куракка чейинки баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алууда психолог же педагог да чакырылат.

2. 16 жашка чейинки курактагы күбөлөр жана жабырлануулар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилбейт. Мындай күбөлөргө жана жабырлануучуларга процессуалдык укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүүдө аларга чындыкты гана айтуунун зарылдыгы көрсөтүлөт. Балага алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын жасаган кылмыштарынын бетин ачкан көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуулугу түшүндүрүлөт. Укуктарынын жана милдеттеринин түшүндүрүлүшү жөнүндө протоколго белги коюлат, ал күбөнүн же жабырлануучунун, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын билдирген адамдардын колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн суракка катышып жаткан адамдарга суралып жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө протоколго киргизиле турган пикирлерди айтууга, ошондой эле тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамга суроолорду берүү укугу түшүндүрүлөт. Тергөөчү суроону четке кагууга укуктуу, бирок аны протоколго киргизүүгө жана четке кагуунун себебин көрсөтүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-202)  
Кийинки берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-204)
