# 202-берене. Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 202-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-202

---

1. Бир эле иш боюнча чакырылган күбөлөр жана жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.

2. Сурактын алдында тергөөчү күбөнүн жана жабырлануучунун инсандыгын билет, алардын шектүүгө карата мамилесин аныктайт, аларга процессуалдык укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрөт, көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертет.

Мында тергөөчү күбө же жабырлануучу өздөрүн же жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого айыптаган көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Күбөгө же жабырлануучуга укуктары жана милдеттери, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четке каккандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө протоколго белги коюлат, ал суралып жаткан адамдын кол коюусу аркылуу күбөлөндүрүлөт.

3. Суракка катышкан күбөнүн адвокаты ушул Кодекстин 53-беренесинде каралган укуктарды колдонот.

4. Күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу ушул Кодекстин 198-беренесинде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-203)
