# 20-берене. Шектүүгө, айыпталуучуга, соттолгонго, акталганга коргонуу укугун камсыз кылуу принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 20-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-20

---

1. Шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын коргонууга укугу бар.

2. Коргонуу укугу медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жакка да камсыз кылынат.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда, шектүүнүн, айыпталуучунун адвокатынын жана (же) мыйзамдуу өкүлүнүн милдеттүү катышуусу кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашырып жаткан кызмат адамдары тарабынан камсыз кылынат.

4. Ушул Кодексте каралган учурларда шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган мыйзамда аныкталган тартипте мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-21)
