# 2-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2

---

1. Конституция Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жогорку юридикалык күчкө ээ болот жана түздөн-түз колдонулат. Ушул Кодекстин жана Конституциянын ченемдеринин ортосунда карама-каршылык болгон учурда Конституциянын ченемдери колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кылмыш-жаза сот өндүрүшү кылмыштын жасалган жерине карабастан, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушунун башка эрежелери белгиленбесе, ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

3. Ушул Кодекстин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда конституциялык мыйзам колдонулат. Ушул Кодекстин ченемдери менен башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-3)
