# 199-берене. Сурак протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21269..21274>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 199-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-199

---

1. Сурактын жүрүшү жана натыйжалары ушул Кодекстин 170 жана 171-беренелеринин талаптарын сактоо менен түзүлгөн протоколдо чагылдырылат. Көрсөтүүлөр биринчи жактан жана мүмкүн болушунча сөзмө-сөз жазылып алынат. Суроолор жана аларга берилген жооптор суракта болгон ырааттуулукта жазылат. Протоколдо суракка катышкан адамдардын тергөөчү тарабынан четке кагылган же суралып жаткан адам жооп берүүдөн баш тарткан суроолор да четке кагуунун же баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен чагылдырылууга тийиш.

2. Биринчи сурактын протоколунда суралып жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, анын ичинде аты-жөнү, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, билими; үй-бүлөлүк абалы жана анын үй-бүлөсүнүн курамы, иштеген жери, иши же кызмат орду, жашаган жери, ошондой эле ушул Кодекстин 170-беренесиндеги эрежелерге ылайык иштин жагдайлары боюнча зарыл болушу мүмкүн болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт. Шектүүнү суракка алуу протоколунда соттуулугунун бар экендиги же соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Кийинки суракка алууларда суралып жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, эгерде алар өзгөртүлбөсө, анын фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтүү менен чектесе болот.

3. Суралып жаткан адам тарабынан схемалар, чиймелер, сүрөттөр, диаграммалар жасалышы мүмкүн, алар протоколго тиркелет, ал жөнүндө протоколго белги коюлат.

4. Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

5. Көрсөтмөлөрү жана алардын жазылышынын тууралыгы менен таанышуу фактысы суралып жаткан адамдын протоколдун аягына койгон колу менен күбөлөндүрүлөт. Суралып жаткан адам тарабынан протоколдун ар бир барагына да кол коюлат. Суралып жаткан адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда тергөөчү баш тартуунун себептерин тактайт, аны протоколго киргизет жана протоколду өзүнүн кол коюусу менен күбөлөндүрөт.

6. Эгерде протокол айыпталуучу, шектүү, күбө жана жабырлануучу эркин сүйлөбөгөн тилде түзүлсө, анда ал оозеки түрдө котормочу тарабынан которулат, ал жөнүндө протоколдун аягында көрсөтүлөт жана сот өндүрүшүнүн тилинде жана суралып жаткан адам билген тилде, оозеки котормонун анын көрсөтмөлөрүнө дал келишин ырастаганы тууралуу жазуу жүргүзүлөт. Бул учурларда сурак протоколуна түзөтүүлөрдү жана суралып жаткан адам билген тилден сот өндүрүшүнүн тилине котормонун тууралыгы жөнүндө толуктоолорду киргизүү котормочунун кол коюусу менен ырасталат.

7. Эгерде суракка сурдокотормо билген адам котормочу катары катышса, анда ал ар бир баракка жана бүтүндөй протоколго кол коёт.

Эгерде ассистент суракка катышса, анда ал протоколдун ар бир барагына кол коет. (КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-200)
