# 195-берене. Айыпталуучуга, жабырлануучуга жана күбөгө эксперттин корутундусун берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 195-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-195

---

1. Сотко чейинки өндүрүш бүткөнгө чейин корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттин корутундусу же анын билдирүүсү экспертизанын тыянактары боюнча өз түшүндүрмөлөрүн жана каршы пикирлерин берүүгө укуктуу болгон айыпталуучуга, жабырлануучуга, ошондой эле экспертизага алынган күбөгө берилет. Андай өтүнүчтү канааттандырылган же баш тартылган учурда тергөөчү тиешелүү токтом чыгарат, өтүнүч берген адамга кол койдуруп билдирилет.

2. Эксперттин корутундусу менен таанышкандыгы жөнүндө протокол түзүлөт, анда жасалган билдирүүлөр жана каршы пикирлер чагылдырылат.

3. Ушул берененин эрежелери адамды айыпталуучу катарында жоопко тартканга чейин же жабырлануучу деп тааныганга чейин экспертиза жүргүзүлгөн учурларда да колдонулат.

---

Мурунку берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-194)  
Кийинки берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-196)
