# 194-берене. Экспертти суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=2086..5972>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 194-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-194

---

1. Тергөөчү, сот өз демилгеси боюнча же ушул Кодексте көрсөтүлгөн адамдын өтүнүчү боюнча төмөндөгүлөр зарыл болгон учурларда экспертти суракка алууга укуктуу:

1) атайын терминдер же корутундунун мазмунуна киргизилген баяндамалар боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу;

2) тыянактардын жана изилдөө бөлүгүнүн ортосунда болгон айырмачылыктарды четтетүү;

3) изилдөөнүн пайдаланылган усулдары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;

4) эксперттердин ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктердин себептерине жүйө келтирүү;

5) кошумча изилдөөлөрдү талап кылбаган эксперттин корутундусундагы маселелерди аныктоо.

2. Экспертти аларга корутунду берилгенге чейин суракка алууга жол берилбейт.

3. Эксперт ушул экспертизанын предметине кирбеген маалыматтардын жүйөлөрү боюнча суракка алынышы мүмкүн эмес.

4. Экспертти суракка алуу протоколу, эксперттин жашаган жери жөнүндө маалыматы камтыган маалыматты кошпогондо, ушул Кодекстин 199-беренесинин талаптарын сактоо менен түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-195)
