# 190-берене. Экспертизанын объекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 190-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-190

---

1. Экспертизанын объекттери болуп иш үчүн мааниси бар буюм далилдери, документтер, адамдын дене бою жана психикалык абалы, өлүктөр, жаныбарлар, үлгүлөр жана башка объектилер, ошондой эле кылмыш ишинин материалдарында камтылган экспертизанын предметине тиешелүү маалыматтар саналышы мүмкүн.

2. Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертизаны дайындаган орган кепилдик берет.

3. Эгерде көлөмү жана касиеттери мүмкүндүк берсе, эксперттик изилдөө объекттери экспертке таңгакталган жана мөөр басылган түрдө берилет. Башка учурларда экспертизаны дайындаган адам экспертти изилдөө объекттери турган жерге алып келүүнү, аларга тоскоолдуксуз кирүүнү жана изилдөөнү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы керек.

4. Экспертизанын объекттерин колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-191)
